Коронавирус илдетин дарылоо үчүн Россия Федерациясы «Авифавира» препаратын экспорттой баштады. Бул тууралуу Россиянын маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, Россия препаратты алгач Белорусияга экспорттоп баштаган.
⠀
«Жакында Казакстанга жеткирүү пландалууда, ал эми Латын Америкасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коронавируска каршы даярдалган дары Россия Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан май айында жактырылган», — деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, буга чейин бул препарат Эбола оорусун дарылоо үчүн колдонулуп келген.