17:43
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Батукаевдин иши. Атамбаевдин оорусуна байланыштуу отурум жылдырылды

Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү башталды.

Бүгүнкү отурум мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин өзүн начар сезгендигине байланыштуу, кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, сотко УКМКнын тергөө абагынан Алмазбек Атамбаевди дарыгерлер карап жатат деген маалымат түшкөн. «Бул кан басымына байланыштуу болушу мүмкүн», — деди жактоочу.

Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби