Кремль СССРдин мурда курамына кирген өлкөлөргө дооматы жоктугун билдирди. Бул тууралуу Россия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын айтымында, Россиянын кошуналарга эч кандай аймактык дооматы жок.
Белгилей кетсек, 21-июнда Владимир Путин журналисттерге берген маегинде Советтер Союзу түзүлгөндө бир топ өлкөлөр «Россиянын далай жерин алышканын», СССР ыдыраганда ошол «белектерди ала кетишкенин» айткан.