Мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов Аалымдар кеңешинен чыкты. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
Ал өз эрки менен кызматты тапшырып жатканын белгилейт.
«Учурдан пайдаланып урматтуу Аалымдар кеңешинин төрагасынан жана жалпы мүчөлөрүнөн пендечилик кылып кемчилик келтирсем, көңүл ооруткан болсом үзүр сурайм», — дейт ал.
Социалдык тармактын колдонуучулары мурдакы муфтийдин бул кадамын алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоо менен байланыштырууда.
Белгилей кетсек, Аалымдар кеңеши Кыргызстан Мусулмандар курултайынан кийинки жогорку органы болуп саналат. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн курултай тарабынан бекитилген «Аалымдар кеңеши жөнүндөгү Жобонун» негизинде алып барат. Курамында 21 диний ишмер бар.