Премьер-министрдин ордуна вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды.
Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция топтолуп, өкмөт башчылыкка талапкерди карайт.
Өкмөттү эки жыл жетектеген Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ отставкага кетти. Ал радио жыштыктарга байланыштуу чырдан улам 27-майда эмгек эргүүгө чыккан.
Парламент апрель айында өкмөттүн 2019-жылга ишин канааттандырган.