2020-жылдын 12-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жуктургандардын 19у Бишкек шаарында, Чүй облусунда — 13, Ош шаарында — 1, Ош облусунда — 2, Баткен облусунда — 2.
«3 учуру сырттан келди, 20 киши контакт болгондордун арасынан чыкты. 14 кишинин кайдан жуктурганы белгисз», — дейт Нурболот Үсөнбаев.
Жалпысынан жуктургандардын саны 2 миң 166ге жетти.