19:38
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Региондордогу бала-бакчалардын кызматкерлерине көңүл бурулбай жатат

Кыргызстандагы балдарга билим берүү уюмунун ассоциациясы Бишкектеги бала-бакча кызматкерлери ПРЦ-анализдеин акысыз тапшырып жатышат, ал эми региондогу кызматкерлерге төлөнүп жаткандыгына нааразы болушууда. Бул тууралуу уюмдан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, баардык эле мектепке чейинки мекемелер ачыла бербейт. Мисалы, Аламүдүн районундагы тарбиячылары жана башка кызмакерлери ПРЦ-анализге акча төлөшү керек, ал эми акча азыр ар биринде эле акча боло бербейт.

«Суроолор көп. Билим министрлиги республика боюнча бала-бакчаларды ачууга бирдей буйрук чыгарабы? COVID-19 вирусуна каршы каражаттарды баардык аймактар алдыбы? Анда эмне үчүн аймактардагы үч айлык маянасыз, ишсиз үйдө отурган кызматкерлер ПРЦ-тестти акысыз тапшыра албай жатышат? Көптөгөн бала-бакчалар ​​географиялык жактан Аламүдүн району менен байланышкан, бирок шаар ичинде жайгашкан (Түштүк магистраль — 7-апрель, Көк-Жар айылы, Лебединовка) жана алардын балдары шаарга келишет. Бул маселе качан чечилет?», — деп кесиптик ассоциация нааразычылыгын билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда бала-бакчалар Республикалык штабдын чеими менен 5-июндар тарта иштеп башташты. Мектепке чейинки билим берүү мкекмелердин баардык кызматкерлери ПРЦ-тест тапшырышы керек. Тесттин жыйынтыгы менен гана иштөөгө уруксат берилген. Мындай кымбат баадагы тестке акчаны кайдан табуу керектигин аткаминерлер айтышкан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума