Оштогу Ак-Буура дарыясынан 18 жаштагы уландын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, 7-июнда Кара-Суу районундагы Ак-Буура дарыясына 18 жаштагы улан түшүп кеткен.
Издөө иштерине ӨКМдин куткаруу тобу барган. Маркумдун сөөгүн 8-июнь күнү саат 05:30дарда таап, туугандарына өткөрүп беришти.