07:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектеги өтмөк жолдорду оңдоп-түзөө иштерине шаар тургундары нааразы

«Карантин учурунда элдин баары үйдө отурду, эмне үчүн мэрия жолдорду карантин учурунда оңдогон жок!», — деп нааразы болушууда шаар тургундары. Бул тууралуу алар Facebook социалдык тармагындагы «Бизге кара тизме жаккан жок» деген топко жазып чыгышты.

«Элдин баары көчөгө чыгып, иштеп баштаганда, кычап Абдрахман көчөсүндөгү борбордук өтмөктө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Же урандыларды тебелеп өтүш керек, же жолдун кыры менен өтүү керек», — дейт Нургүл аттуу Facebook колдонуучу.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы 18,4 километр узундуктагы Манас, Чүй жана Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө «П» түрүндөгү вело жолун куруу иштерин улантууда.

Бийлик өкүлдөрү качан гана өзгөчө абал аяктап, коменданттык саат токтогондо ишке киришишкен. Ал эми Бишкек шаарынын тургундары көчөдөгү чаң, тоскоолдук болуп жаткандыгына нааразы. Бирок шаар мэриясы тургундардын бул нааразычылыгына үн каткан жок.

24.kg агенттигине маалымат жөнөтүү үчүн WhatsApp жана Telegramдан 0555312024 номурун териңиз.

Эң көп окулган жаңылыктар