Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фонду азыркы учурда саламаттыкты сактоо уюмдарындагы коронавирус COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптарда вируска каршы каражаттар жетиштүү экенин билдирет. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
ММК фонду уюмдарга дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга, анын ичинде, жеке коргонуучу каражаттарына 266 миллион сом төлөп берди.
«Мындан сырткары, ММК фонду саламаттыкты сактоо уюмдарына керектүү дары-дармектерди жеткирип берүү боюнча иштерди алып барууда. Ошондой эле, дарылоо мекемелерине азыркы учурда дары каражаттарын тикелей келишим түзүү ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилет», — дейт ал.
Штаб атайын вируска каршы каражаттар дарыгерлердин комиссиясынын чечими менен оорусу өтүшүп кеткен бейтаптарга жана айрым учурларда, орто-оор абалдагыларга сунушталарын эскертет.