19:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда 400 адистин башын бириктирген ыкчам IT-штаб уюшулду

Кыргызстанда 400 адистин башын бириктирген ыкчам IT-штаб уюшулду. Бул тууралуу МТБМ комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат. Алар
Республикалык штабдын ишине көмөктөшүшөт.

Бүгүнкү күндө ММТБКнын алдындагы ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар — www.covid.gov.kg.

Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс — www.hidoctor.kg. Вирустун дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнө, тийгизген таасирине байкоо салуучу продукт, коронавирус тууралуу көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берүүчү чат-боттор жана башка платформалар бар.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, Бишкек шаарында өлкөнүн аймагында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы ишке киргизилди — 1312.tunduk.kg. Өнөктөштөр тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине электрондук уруксат кагаздарын эсептөө үчүн 110 смартфон бөлүнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар