Түрк бийлиги Бишкек шаарына салынган оорукананы Кыргызстанга өткүрүп берди. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Маалыматта, covid-19 менен күрөшүү учурунда мындай еолдоо маанилүү экендиги айтылат.
Дүйнөдөгү эпидемиялык кырдаал жөнгө салынгандан кийин расмий түрдө өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, 72 орундуу кыргыз-түрк ооруканасы толук жабдылган. Бирок, ортодогу сүйлөшүүлөр жыйынтыктала электигинен дагы эле ачылбай турат.
Кыргыз бийлиги оорукананы азыркы кырдаалда колдонобу, же жокпу азырынча белгисиз.