10:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Көлдө коронавирус жуктургандар боюнча жалган кабар жайылткан адам кармалды

Ысык-Көл облусунун тургунунан коронавирус аныкталгандыгы боюнча социалдык тармак аркылуу жалган маалымат жайылткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлайт.

1982-жылы туулган Мирбек Сыйдыев соцтармактар аркылуу Ысык-көл областынын тургунунун дене табы жогорулап, коронавирус чыкты деген маанидеги жалган маалыматтарды таратып, областта элдин арасында кооптонуу жараткан.

Мирбек Сыйдыев кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалпы элден кичирим сурады.

Учурда материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.

Эң көп окулган жаңылыктар