22:16
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сурамжылоо: Кыргызстан үчүн эң негизги коркунуч — жумушсуздук

Кыргызстан үчүн эң негизги коркунучтар боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланды. Ага 1 миң 364 кожолук катышып, 159 жарандык коомчулук өкүлдөрү менен маек уюштурулуп, 156 жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суралган.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү өлкөдөгү негизги коркунуч катары жумушсуздукту көрсөтүшкөн (13,4 пайыз).

Жергиликтүү калк таза суу маселесин дагы олуттуу көйгөй катары көрөт (12,76 пайыз).

Коркунучтардын катарында миграция (10,8 пайыз), аба жана айлана-чөйрөнүн булганышы (9,35 пайыз), сел ташкындары (8,25 пайыз) жана коррупция (6,38 пайыз) бар.

Көпчүлүк мындай коркунучтардын жана кырсыктардын кесепети экономикага жана жашоо турмушка (14.38 пайыз) оор залакат тийгизерин белгилешкен. 14.12 пайызы атуулдардын саламаттыгына таасирине кабатыр. 7,22 пайызы инфраструктуранын бузулушун белгилешкен.

Эң көп окулган жаңылыктар