Бишкекте Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митинги өтүүдө.
Акыркы маалыматтарга караганда ага 500дөй адам чогулду. Алар Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровго боштондук талап кылууда.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров тарапташтары Ысык-Көл облусунун ар бир районунда митинг өткөрүшкөн. Бишкекке 2 миңдей кишини чогултууну убадалашууда.
Садыр Жапаров өзү каршылык акцияларын өткөрбөө өтүнүчү менен кайрылды.