08:22
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кытайдан жыл сайын 2 миңдей жүк ташуучу унаа кирип турат

Кытайдан жыл сайын 2 миңдей жүк ташуучу унаа кирип турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев билдирди.

Анын айтымында, Кытай тарап менен товар жүгүртүгү боюнча айырмачылык 3 миллиард доллар өлчөмүндө.

«Кытайдан 1 миллиард 900 миллион доллар импорттолгон. Кытайдын маалыматы боюнча 5 миллиард доллар көлөмүндө. Айырмачылык чоң. Бул эки тараптын эки башка көрсөткүчтөрүнө байланыштуу. Биз товарлардын наркын көрсөтсөк, алар салмагын баалайт», — дейт ал.

Алтынбек Торутаев Кытай Кыргызстан аркылуу Тажикстанга ташылган товарды дагы өзүнчө белгибестигин айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар