12:31
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кытай өз жарандарын өлкөдөн чыгарбай жатат

Улуу Британиянын жараны Джефф Сиддл Кытайга келинчегин таштап кетүүгө аргасыз. Бул тууралуу BBC билдирди.

Маалыматка караганда, Джеффтин келинчеги Сиддла Синди Кытайдын жараны. Алар Хубей провинциясына жаңы-жылды туугандары менен тосуу үчүн келген.

«Биз 1-февралда Ухандан учуп кетишибиз керек эле. Бирок, аба каттамдар токтоп, шаарда карантин жарыяландыгына байланыштуу калып калдык. Уулу Британиянын өкмөтү жакынкы күндөрү учак менен өз жарандарын алып чыгып кетет. Менин келинчегим Кытайдын жараны болгондуктан жергиликтүү өкмөт өлкөдөн чыгуусуна тоскоол болууда. Эми кызым экөөбүз гана учабыз», — дейт Джефф Сиддл.

Азыркы учурда Британия тышкы иштер министирлиги кытай өкмөтүнүн ортосунда Сиддлдин үй-бүлөсү боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

Эскерте кетсек, Кытай аталган вирустан каза болгондордун саны 170, илдетти жуктуруп алгандардын саны 7 миң 711ге жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар