Ош облусуна караштуу Алай районунун Таш-Коргон айылында мечит өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык айылдын Береке көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен аянты 180 чарчы метр мечит толугу менен күйүп кетти.
Учурда өрттүн себеби такталууда.