12:14
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жалал-Абадда өрттөн 12 адамдын өмүрү сакталды

Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 24 пайызга азайып, тилсиз жоодон 12 адамдын өмүрү сакталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр Жалал-Абад облусу боюнча 488 өрт кырсыгы катталган.

Өрттөн болгон материалдык чыгымдардын көлөмү- 218 миллион сомдон ашты. Былтыр тилсиз жоо 7 кишинин өмүрүн алды.

«Тилсиз жоодон 12 адамдын өмүрү жана 450 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. Өрттөрдүн негизги себептери — отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, балдардын от менен ойноосу», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар