19:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленет

Президент Сооронбай Жээнбеков «Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын согуштан кийинки социалдык-экономикалык калыптануусуна зор салым кошкон мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жана 2020-жылы анын туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо максатында токтом кылынды.

Маалым болгондой, Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленет.

Өкмөткө бир айлык мөөнөттө Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү, аталган планды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетинен зарыл финансылык каражаттарды бөлүүнү кароо сунушталды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума