Казакстандагы кыйраган учакта кыргызстандык бир жаран жабыркады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ТИМден билдиришти.
Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунун алдын ала билдирүүсүндө, бир кыргызстандык жабыркап, ооруканада жатат.
«Кыргызстандыктын абалы тууралуу маалымат жок. Консулдуктун өкүлдөрү ооруканага жөнөп кетишти», — деп билдиришти ТИМден.
Эске салсак, бүгүн «Bek Air» авиакомпаниясына таандык учак Алматы шаарынан Нур-Султанга учуп бара жатып жерге кулап түшкөн. Анда 95 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгону кабарланган. Анда каза болгондордун саны 14ге жеткенин жергиликтүү ЖМК жазып чыкты.