06:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутаттар аз жерден уруша кете жаздашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар борбор калаадагы кара түтүн маселесин караш керекпи же жокпу деп тартыша кетишти. «Бишкектеги абанын кирдөө деңгээлин азайтуу боюнча чаралар тууралуу» токтом долбоорунун демилгечиси Мирлан Маматалиев маселени көтөрүп чыкты.

Бирок, депутат Кожобек Рыспаев документ профилдик комитет тарабынан карала электигин айтып, регламентти бузбай маселени күндүн темасынан алып салууну сунуштады.

Марлен Маматалиев буга макул болбой, парламент абанын кирдеши тууралуу маселени карап чыкканча, жаз келет деп билдирди. «Сиздердин балдар ушул аба менен дем алып, анан оорушат», — деп ал кесиптештерине түшүндүрдү. 

Депутатты кесиптеши Тазабек Икрамов колдоп чыкты. «Бишкекте экология көйгөйү биринчи орунда, бул маселени караш керек», — деди ал. 

Эске салсак, буга чейин Тазабек Икрамов парламенттин отурумуна Бишкек ЖЭБдин от жагуучу жумушчуларын чакырууну талап кылган. 

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаев экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралды. Алар аз жерден уруша кете жаздады. Экөөнүн ортосуна кесиптештери тура калып, чыр басылды.

Эң көп окулган жаңылыктар