16:39
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

ММК фондунун быйылкы бюджети 15 миллиард сомдон ашык бекитилген

Жогорку Кеңеште «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

ММК фондунун 2019-жылдагы бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 15 миллиард 30 миллион сом өлчөмүндө бекитилген. Бирок, жыл ичинде түзүлгөн жагдайларды эске алуу менен, азыр ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы келип чыкты.

Мисалы, фондунун киреше жана чыгаша бөлүктөрү «Онкологиялык кызматты колдоо» коомдук фондунан келип түшкөн 2019-жылдын башына карата максаттуу каражаттардын калдыктарынын эсебинен 478 миллион 245 миң сомго көбөйдү. Бул каражаттын ичинен жыл аягына чейин 178 миллион 245 миң сом колдонулат.

Андан тышкары, Бирдиктүү төлөм тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептериндеги өтмө каражаттардын калдыгына тактоо киргизилди, калдык — 309 миллион 380 миң сом.

Эң көп окулган жаңылыктар