10:39
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты опера жана балет театрында өтөт

СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын үй-бүлөсү билдирди.

Эске салсак, «кыргыз кереметинин» авторлорунун бири 21-декабрда 79 жашында дүйнө салды.

Болот Шамшиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде «Ак кеме», «Эрте келген турналар» тасмаларын тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар