19:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип өрттөп салышты

Бишкекте белгисиз бирөөлөр кинорежиссер Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип өрттөп салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, СССРдин эл артисти милицияга 10-ноябрда кайрылган.

«Унааны Свердлов районунан уурдап кетишкен. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Өрттөлгөн унааны Чүй облусуна караштуу Милянфан айылынан табышты. Учурда иликтөө иштери уланууда», -деп билдиришти ШИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар