Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны 25-декабрда өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот. Маалымат жыйын саат 11:00дө башталат.
Өлкө башчысынын былтыркы бир жылдык президенттик ишинин жыйынтыктарын чагылдырууга 85тен ашуун ЖМКнын 175тен көп өкүлү келген.