01:41
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Акнеттеги» чыр. Кубан Ажимудиновго карата козголгон кылмыш иши сотко өттү

«Акнет» компаниясынын башчысы Кубан Ажимудиновго карата козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук процесстин датасы азырынча аныктала элек.

Буга чейин Каржы полициясы Кубан Ажимудиновго карата козголгон кылмыш ишин иликтеп, жалпы суммасы 150 миллион сомдук салык төлөбөгөн фактынын бетин ачкан. Ишти иликтөө ИИМге тапшырылган.

Мекеменин маалыматы боюнча, «Акнет» ЖЧКнын президенти жалпы суммасы 616 миллион 816 миң сомдук салыкты төлөбөй койгондугу тууралуу кошумча фактылардын бети ачылды. Мындан тышкары 384 миллион 901 миң сомдук каражат мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен факты аныкталды.

Эске салсак, «Акнет» компаниясынын президенти 28-майда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 48 сааттан кийин сот тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, Кубан Ажимудиновду камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

«Акнет» интернет-провайдери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын көңүл борборуна ноябрдын акырында илинген. Буга каржы полициясына фирманын негиздөөчүлөрүнүн биринин кайрылуусу себеп болгон. Ал өнөктөштөрүн ЖЧКдан акча чыгарып кеткенин, жасалма келишим түзгөнүн айтып, аларды айыптаган.

Эң көп окулган жаңылыктар