12:16
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Акнетти» негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудинов № 1 тергөө абагына киргизилет

«Акнет» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудиновду № 1 тергөө абагына киргизишет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Эске салсак, «Акнеттин» президенти кармалып, убактылуу кармоочу жайга 28-майга чейин киргизилген.

«Акнет» интернет-провайдери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын көңүл борборуна ноябрдын акырында илинген. Буга каржы полициясына фирманын негиздөөчүлөрүнүн биринин кайрылуусу себеп болгон. Ал өнөктөштөрүн ЖЧКдан акча чыгарып кеткенин, жасалма келишим түзгөн айтып, аларды айыптаган.

Эң көп окулган жаңылыктар