14:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Акнет» компаниясынын кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты

«Акнет» компаниясынын баш калаадагы кеңсесинин кызматкерлери бүгүн нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу нааразы тарап билдирди.

Алар ишканага байланыштуу текшерүүлөргө нааразы болушууда. Айтымдарында, текшерүүлөр жумушка терс таасир берип жатат.

Эске салсак, аталган компаниянын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы кечээ текшерүүгө алган. Алар текшерүүгө соттун уруксаты бар экенин билдиришкен.

Маалыматка караганда, компания ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөн. Бирок, ишкана өзү рейдерлик менен кол салуу болууда деп билдирүүдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар