23:29
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ысык-Көлдө рейд жүрүүдө. 29 айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыкты

Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында рейд жүрүүдө. 2-10-декабрь күндөрү өткөрүлгөн иш-чарада жалпы 1 миң 500 айдоочуга протокол түзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25 айдоочу мас абалда унаа башкарып бара жатканда кармалды. 12 айдоочу унааларын техникалык кароодон өткөргөн эмес. Ал эми 29 айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыкты. Жалпы 44 унаа айып короосуна киргизилди.

444 айдоочунун катуу ылдамдыкта айдаганы аныкталып, 7 унаанын айнектери караңгылатылган болуп чыкты.




Эң көп окулган жаңылыктар