Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу 1-декабрдан 6-декабрга чейин Тоголок Молдо, М. Ганди, Саадаев жана Чоң Чүй каналы менен чектеш аймакта, «Көлмө», «Салам-Алик», «Щербаков» кичи райондорунда газ берилбейт.
Беш миңдей абонент бул күндөрү газсыз калат.