Түркияда сойкулук менен алектенип жүрөт деген шек менен 2 чет элдик аял кармалды. Бул тууралуу түркиялык ЖМК жазды.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири кыргызстандык экени айтылат.
«Черкезкөй шаарында полиция сойкулукка каршы иш-чара жүргүзүп, 3 кишини кармаган. Алардын бири кыз-келиндерди сатып жүргөн ортомчу болуп чыкты. Калган экөөнүн бири кыргызстандык, экинчиси өзбекстандык жарандар», — деп айтылат маалыматта.
Ортомчу болгон жаран «Сойкулук, ортомчулук кылуу жана мажбурлоо» беренеси боюнча айыпталып камакка алынды. Ал эми берки экөө өз мекенине депортация кылуу үчүн миграция кызматына өткөрүлүп берилди.