Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин 1 миллион сомго доого жыкты. Маалыматты гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев ырастады.
Бишкектин Октябрь райондук соту вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырды.
Белгилей кетсек, гезит Жеңиш Разаков Тажикстандын чалгындоо кызматынын агенти экендигин жазып чыккан. Парламент депутаттары вице-премьер-министрлин отставкасын талап кылышкан.