22:28
USD 87.45
EUR 102.04
RUB 1.11

Аксыда өспүрүм кыздар мушташты

Аксы районунун Жаны-Жол айылындагы № 10 Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздары мушташты. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-ноябрь күнү болжол менен саат 17-30 чамаларда кыздары арасында пикир келишпестиктен улам жаңжал чыккан.

КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси «Ээнбаштык» менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда мушташтын себеби жана окуянын жагдайлары такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар