12:07
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Башкы прокуратураны сотко берди

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Башкы прокуратураны сотко берди. Бул маалыматты Сейитбек Атамбаев 24.kg агенттигине тастыктап, калган суроолорго түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Автомаш-Энерго» ЖЧКнын директору көзөмөл органынан эмне талап кылганы азырынча белгисиз. КСДП партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков «Фейсбук» баракчасына доо-арызга Башкы прокуратуранын пресс-релизи себеп болду деп жазган.

Буга чейин Башкы прокуратура мурунку президентке карата козголгон кылмыш иштеринин алкагында Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарынын мүлкүн, активдерин жана мекемелерин текшерилет деп билдирген. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, 2015-жылдан бери «Автомаш-Энерго» ЖЧКда бир дагы жолу салыктык текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Мындан тышкары фирманын жетекчилиги салык органдарына керектүү документтерди көргөзүүдөн баш тартып келет.

Эске салсак, 31-октябрда «Автомаш-Энерго» ишканасынын башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар