01:29
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз саткан жай аныкталды

Бишкектин «Ынтымак» калктуу конушунда күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сатып жаткан жай аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, уруксат документи жок 2 тоннадан ашуун дизелдик отун табылды.

Буга чейин Чүй облусуна караштуу Маевка айылында мыйзамсыз иштеп жаткан май куючу жай аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар