15:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 65 миң куту тамеки табылды

Чүй облусунда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан «Milano» маркасындагы 65 миң куту чыпкалуу тамеки табылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, «Хундай портер» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, аны текшерүүгө алышкан. Анда жалпы суммасы 2 миллион 762 миң 500 сомдук акциздик маркасы жок тамеки аныкталды. Айдоочу ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар