Бүгүн Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чарага келген мэриянын өкүлдөрү, шаардык мекемелердин жетекчилери «Өчпөс от» мемориалдык комплексине гүлчамбар коюп, ата-бабаларга куран окушту.
Бүгүн Султан Ибраимов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Алымбек датка, Курманжан датка, Исакбек Монуев жана Апсамат Масалиевдин эстеликтерине гүлчамбар коюлду.