10:17
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Асланайым Аширова: Бир нече кыздардын шалаакылыгынан улам баса албай калдым

Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында жаз айларында өткөн «Camel Fest» дүйнөлүк фестивалдын алкагында Кыргызстандын өнөрпоздору жана спортчулары катышкан «Көчмөндөр ааламы» этнокөргөзмөсү ызы-чуу менен коштолду. Ага катышкандардын калем акысы боюнча талаш-тартыштар жаралып, андан кийин кыргыз циркинин кызматкери Асланайым Аширова кырсыкка учурады.

Репетиция учурунда кыз куумайдын катышуучусу Асланайым Аширова кырсыктап, 2 аттын ортосуна буту кыпчылып сындырып алган. «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын уюштуруучулары окуяга спортчунун өзүн айыптап, тизмеде жоктугуна карабай орто жолдон чыга калганын айтып күнөөлөшкөн. Спортчу айым унчупай калбай социалдык тармак аркылуу маалымат берип, өз укуктарын коргоого аракеттенген.

Асланайым толук кандуу бутуна тура элек. Алдыда кезектеги операция күтүп турат. 

Асланайым Ашированын жеке архивинен алынды
Фото Асланайым Ашированын жеке архивинен алынды

Маданияттын мыкты кызматкери, «Эргүү» Улуттук премиясынын лауреаты Асланайым Аширова 24.kg агенттигине кырсыктын чоо-жайын айтып берди.

— Учурда абалыңыз кандай?

— Ракмат, жалпы абалым салыштырмалуу жакшы. Бирок, бутумда шишиктер бар, күнүгө бутка турганга аракет кылып атам. Биринчи операция Сауд Арабияда жасалган, алдыда дагы экинчи операция күтүп турат. Мага Сауд ооруканасынан кийинки операцияны бизден жасатсаңар жакшы болмок деп айтышкан. Анткени бутка көп темирлер тигилген соң, кайра эле ошол билген дарыгер жасаса жеңил болот дешкен. Ошондуктан ал жагын ойлонуп жатабыз.

— Кырсыкка кабылган кезиңизде сизди колдогондор, колдобогондор, «атты өзү минип алып кырсыктаптыр» дегендер да болду?

— Жумуш учурунда бизге коюлган тапшырманы аткарабыз деп иштеп аткан учурда кырсык болуп калды. Ачыктап айтсам, бутум чачырады. Көчмөндөр оюндарындагы уюштуруу комитети «атка өзү эле отуруп алып, бутун өзү эле сындырып алды», -деп айткандары чындыкка коошпойт. Алар жоопкерчиликтен качып ошондой деп маалымат таратышкан. Бирок, чындыгында кандай болгонун калайык калк деле түшүндү. 

Тилекке каршы, кырсык бир нече кыздардын шалаакылыгынан улам болуп калды.

Мен ооруп жатканда Кыргызстандыктар колдоп, жакшы сөздөрүн арнап жазып, чалып атышты. Мен аларга өз убагында жооп бере алган жокмун, анткени ал маалда өзүмдү жоготуп өтө кыйналдым. Сауд Арабияга бирге барган айрым артисттерибиз, спортчуларыбыз өздөрү унаа жалдап, айрымдары автобус менен ооруканага чейин келишип, ал абалымды сурашты.

Мында болгону уюштуруу комитети жоопкерчиликтен качты. Мени Сауд Арабиясына ыктыярчы катары келген дешти, бир паста казак кылып коюшту, бир туруп бийчилердин катарына кошушту. 

Айтоор алар айтып жатышкан бийчилерге, ыктыярчыларга тиешем жок. Саудияга жөн гана келип калды деген жалган кеп.  

Асланайым Ашированын жеке архивинен алынды
Фото Асланайым Ашированын жеке архивинен алынды
— Демек учурда ден соолугуңуз менен гана алышып жаткан турбайсызбы?

— Бутум ооруйт, ыйлаган күндөрүм болот... Ошого карабай чыдап, жакшы ойлор менен гана жашайм. Бутка турсам спортко сөзсүз кайрылам. Буга чейин мамлекеттин желегин желбиретип, жеке өзүм келишим боюнча бир канча өлкөнү кыдырганмын. Цирктин жамааты менен дагы жер кездик. Казакстандан баштап, Орусия, Кытай, Италия, Корея, Бириккен Араб Эмираты, АКШ, Сауд Арабиясынын бир канча шаарларын кыдыргам. Бирок, бул чек эмес, бутка турсам кыргыз желегин көтөрүп алып Африкага чейин барам деген максатым бар.

— Өзүңүздүн кесибиңизден, тандаган жолуңуздан көңүл калган жокпу?

— Чет мамлекетте өнөрүмдү тартуулап жатканда кыргыздардын күчтүү айымдарынын келбетин жараткым келет. Максатым- көрүүчүлөргө эркектерден кем калышпай кыргыздын аялдары ат үстүндө ойноп, жеңил жүрөт экен деген ой калтыруу. Буга чейин чет элдик жарандардан ар кандай сунуштар көп түшкөн, «баардык шарттарды түзүп беребиз, болгону биздин мамлекеттин желегин көтөрөсүз» дегенде, баш тартым келгем. Азыркы абалда жатканымда Кыргызстандан жардам болгон жок. Тиешелүү мекемелерге кат жаздым, кайрылдым, жыйынтык болбоду. 

 Бул нерседен уюштуруу комитети жооптуу болчу, бирок алар дагы жоопкерчиликтен качышты. Эл тараза, баарын көрүп турат. Акыркы кырсыкка байланыштуу эч кандай жардам болгон жок. Ушуларды карап, көрүп отуруп көңүлүн калат экен.

Асланайым Аширова 

Негизи цирк чөйрөсүндө 17-18 жашымда аралашкам. Болгон аракетимди жумшап, күнү-түнү цирктин манежинде, спорт залында канча машыктым. Штатка 1-категориядагы артист катары кирген элем, кыска убакыттын ичинде жогорку категориядагы артист болдум. Кырсыктаганга чейин режиссер катары дагы постановкаларды коюп, сценарийлерди жазчумун. Азыркы учурда ден соолугума байланыштуу убактылуу жумуштан четтетилгем. Бутка турсам жумушумду улантууга аракетим күч. 

Асланайым Ашированын жеке архивинен алынды
Фото Асланайым Ашированын жеке архивинен алынды

Биздин артисттер камсыздандыруусуз иштешет, чет жерде болсо ар бир циркте артисттин алдына коюлган шарт —бул медициналык камсыздандыруу. 

Мен аба артисти, ат үстүндөгү артист катары тобокелге салып иштейм.

Кырсык болуп калса, жаракат алгандар өздөрү күрөшөт. Мындайда жаракат алгандар ыйлап эле кала берет. Маданият тармагында чынында өз жумушун сүйгөндөр кармалып калат. 4-5 миң сом үчүн иштешет.

— Артисттер формаларын жана реквизиттерди өз акчасына сатып алышат экен. Сиз орто эсеп менен бир жылда канча каражат коротосуз?

— Цирк мамлекетке караган соң акча аз бөлүнөт. Артисттердин формаларына акча бөлүнсө деле керек, бирок жетишсиз. Кээ бир артисттер формаларына акча жетпей калса, өз чөнтөгүнөн чыгарып реквизит сатып алат, костюмдарын тиктиришет. Мен дагы өз чөнтөгүмдөн тиккен формалар бар, сатып алган реквизиттерим турат. Ар бир жылда ар кандай каражат чыгат, мисалы костюмга 10 миңдин тегереги кетет, жетпей калган реквизиттерге 20-30 миң болуп калат. 

Гимнасттардын костюмдары бат айрылат, чет жерде бир жарым же эки айда алмаштырып турушат, кыргыз циркинде андай эмес, акчанын бөлүнүшүнө жараша болот.

— Былтыр цирктин жетекчилигинин айланасындагы темалар кызуу талкууга алынып, кызматкерлер Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Кийин жетекчи алмашып, маселе чечилгендей болду, учурда цирктин абалы кандай?

— Азыр цирктин артисттеринин көбү чет мамлекетке кетип калышкан. Мыкты кызматкерлерден иштен кеткендери да бар. Бул жакта жаңы келген директорду шылтоо кылып жатышат, кеп анда эмес, мында көркөм жетекчинин күнөөсү бар. Ал эми жаңы жетекчиге убакыт бериш керек.

Учурда циркте үй-бүлөлүк башкаруу орун алып калган. Акыркы күндөрү цирк — артисттер үчүн экинчи үй катары эмес, күрөшчү жай болуп калды. Ишке согушка келгендей эле келишет. Президент айткандай, акүй болобу, театр, цирк болобу эч кандай үй-бүлөлүк башкаруу болбошу керек.

Асланайым Ашированын жеке архивинен алынды
Фото Асланайым Ашированын жеке архивинен алынды

— Цирк кызматкерлеринин ортосунда аттандаштык, көрө албастык бар деп айтып келишет. Сиздин апаңыз сиз кырсыктаганда Аида Акматалиеваны күнөөлөгөнүн айрым СМИлер жазып чыгышкан. Окуя эмне менен аяктады, жараштыңыздарбы?

— Чынында цирк жаатында атаандаштык, көрө албастык бар. Үй-бүлөлүк клан өтө катуу түп алган. Жакшы чыгып келе жаткан таланттуу артист болсо, ошол замат буттан чалынат. Ушунун баарын жокко чыгарып, артисттерди чогуу бириктирүүнүн ордуна, биздин көркөм жетекчи артисттерди кайраштырып, тескери нерселерди жасайт чынында. Бул туура эмес! Мен бир гана сөз айта алам, болгон нерсенин баары жүрөгүмө катуу тийди. Өтө өкүнүчтүү.

Эң көп окулган жаңылыктар