USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Өкмөт: Ундун чекене баасы эки эсе кымбаттады деген маалымат чындыкка коошпойт

11:07, 28 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Депутат Айнуру Алтыбаева 25-октябрда КСДП фракциясынын отурумунда Кыргызстанда ун 2 эсе кымбаттаганын айткан.

Бирок, өкмөт депутаттын айткандары менен макул эмес. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары 1-сорттогу ун республика боюнча ортосо 18,4 пайызга, 2-сорттогу ун 14,8 пайызга кымбаттаган.

Ундун чекене баасы эки эсе кымбаттады деген маалымат чындыкка коошпойт.

КР өкмөтү

Билдирүүгө таянсак, былтыр октябрда 1-сорттогу буудай унунун 1 килограммы өлкөдө орточо 23,7 сомду түзгөн. Быйыл октябрда 28,1 сомго жетти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика