19:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ундун баасы кымбаттады

Унга болгон баа эки эсе өстү. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда депутат Айнуру Алтыбаева билдирди. Айтымында, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги эч кандай аракеттерди кылган жок.

«Эгерде ундун баасы 100 сом болсо деле унчукпай отура бересиңерби?», -деди депутат нааразы болуп.

Монополияга каршы ведомствонун өкүлү Шухрат Сабиров ундун баасы эркин, аны негизинен өндүрүүчүлөр, импорттоочулар кое турганын айтты.

Жалал-Абадда ундун баасы 17 пайызга өскөн, ал эми жалпы түштүктө бир кап ун 200 сом турат.

«Албетте, бизде ун өндүрүлбөгөндүктөн анын баасы көтөрүлөт. Сиздер импорттоочуларды карап отурасыздар», -деди фракция лидери Иса Өмүркулов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума