17:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

КСДП фракциясынын мүчөлөрү Унаа жана байланыш министрлигин жемелешти

КСДП фракциясынын мүчөлөрү Унаа жана байланыш министрлигин жемелешти. Буга Бишкек-Ош жолунун курулушунун акыркы бөлүгүнүн аякташы себеп болду.

Белгилей кетсек, аталган бөлүктө иш каражаттын жоктугунан токтоп калган. Бирок, профилдик ведомствонун өкүлдөрү Евразия өнүгүү фонду менен транш бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр кайрадан жанданганын айтышты. Министрлик суммасын айтуудан баш тартты, анткени акчанын көлөмү такталып жатат.

Ошондой эле 55 даана техника мобилдештирилген. Профилдик ведомство 2019-жылдын акырына чейин жол иштери аяктабай турганын билдиришти. Бирок, депутат Айнура Осмонова бул жоопкерчиликсиз деди. «Аталган жол стратегиялык мааниге ээ, эл бир жылдан бери күтүп жатат. Сиздер акырына чейин ишти кыла албасаңар, асфальтты эмнеге сыйрып салдыңар?», — деп нааразы болду депутат.

Бирок, министрликтин өкүлдөрү бул жылы жолдордун ремонту боюнча план толуп калганын айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума