Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2020-жылкы майрам күндөрүнүн календарын жарыялады.
Кыргызстандыктар төмөнкү күндөрдө эс алышмакчы:
- 1-январь —Жаңы жыл;
- 7-январь -Иса пайгамбардын туулган күнү;
- 23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү;
- 8-март — Аялдардын эл аралык күнү;
- 21-март — Нооруз майрамы;
- 7-апрель — Элдик апрель революция күнү;
- 1-май — Эмгек күнү;
- 5-май — Конституция күнү;
- 9-май — Жеңиш күнү;
- 31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү;
- 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Ал эми диний майрамдар -Орозо айт менен Курман айт ай календарына жараша белгиленет.
Эгерде майрам дем алыш күнгө туш келип калса, дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.