17:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан Түрциядан динди жайылтууга 5 миллион доллар сурады

Кыргызстан «Ыйман» фонду үчүн Түркиядан 5 миллион доллар сурады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолуккан учурда, аталган фондду каржылоого көмөк сураган.

Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин маалыматында, 2015-2019-жылдарга деп түрк тараптан бөлүнгөн 5 млн. доллар имамдарды окутууга, алардын билим жана потенциалын көтөрүүгө, стипендияларга, Insan.KG аттуу маалыматтык порталды түзүү сыяктуу долбоорлорго кеткен.

Түркия Кыргызстан сураган акча Тышкы иштер министрлиги менен кеңешип, президент бекиткенден кийин чечилерин айтышты.

«Ыйман» фонду 2014-жылдын башында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюшулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия бериле баштаган.
Эң көп окулган жаңылыктар