Бишкекте чогуу жашаган аялды өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды. Ал буга чейин издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын июлунда Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери «Ак-Жар» жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен 48 жаштагы А.Т.нын сөөгүн табышкан. Ал зордолуп өлтүрүлгөн.
9-октябрда окуяга шектүү делген 43 жаштагы Б.У. кармалды. Алдын ала маалыматка караганда, каза болгон жаран менен шектүүнүн ортосунда уруш чыккан. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.