02:38
USD 86.80
EUR 91.17
RUB 0.82

Нургүл Артыкбаева: Балким тигиши жоктугуна кызыгышабы, айтоор кардарларым көп

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн дизайнерлер арасындагы эл аралык сынакта «Чебер жылдыз» наамына татыган Нургүл Артыкбаева 8 жылдан бери дизайнерликти аркалап, жүндөн жана жибектен тигиши жок кийимдерди жасайт. Анын кол эмгектеринин дээрлик басымдуу бөлүгүн чет өлкөлүктөр сатып алышат.

«НурАрт» студиясынын негиздөөчүсү 24.kg агенттигине өнөрү тууралуу баяндап берди. 

Нургүл Артыкбаеванын жеке архивинен алынды
Фото Нургүл Артыкбаеванын жеке архивинен алынды

— Англияда коомдук саясат боюнча окууну аяктап, бирок, саясатка, мамлекеттик башкарууга эмес, кол өнөрчүлүккө сүңгүп калышыңызга эмне себеп болду?

— Менде бир нече тармакта билимим бар. Негизи, балачакта сүрөтчү болом деген кыялымды ишке ашыруу үчүн Чуйков атындагы чыгармачылык окуу жайын аяктаганмын. Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы университеттин Кыргыз филология жана журналистика факультетине тапшырып, аспирантураны да окуп алдым. КТРКда, мамлекеттик органдарда пресс катчы болуп, гезит, теле, долбоордук мекемелерде да кызмат кылдым. Кийин Англиянын Борнемоут шаарындагы университетинде да окуп, Рublic policy дипломуна ээ болдум. Ал жактан Кыргызстанга кайтып келип, кол өнөрчүлүккө баш отум менен кириштим десем болот. Англияда жүргөнүмдө кара жумушка иштегим келбей, майда сүрөт тартып кичинекей жеке галереяларга тапшырчумун. Бир аз болсо да акча тапканга жардамы тийди.

Ал эми дизайнерликке мени баш калаадагы «Тумар» дүкөнү тартып келди десем болот. 2005-жылы дүкөндөн бир пальтону көрүп калып абдан жактырганмын, бирок мага чак өлчөмү жок болгондуктан, өзүм тигип алсамбы деген ой келди. Пальтонун бир да тигиши жок болчу, жүнүнүн сапаты жакшы, абдан назик, үлпүлдөк, жумшак эле. «Бизде ушундай уяң жүндүү койлор кайсы жерде багылат болду экен?» деген суроолор жаралды. Ошентип кызыгуум артып, үйрөнгүм келди.

— Кийиз кийимдерди жасаганды кимден үйрөндүңүз?

— Алгач кийизден жасалган туюк, эч бир тигиши жок кийим-кечени бизге Швейцария жана Жаңы Зеландиядан келген уздар атайын уюштурулган фестивалдын алкагында үйрөтүп кетишкен. Мен болсо кийин Кенжекан деген уз эжекебизден үйрөндүм.

Кийиз дүйнөсүнө башым менен кирип 2011-жылы биринчи кийим коллекциямды жараттым. 38 кийим 2 жумада сатылып кетти.

Тааныштарым «дагы жаса, биз деле кийгибиз келет» дешкенден кайра ишке кириштим.
Нургүл Артыкбаеванын жеке архивинен алынды
Фото Нургүл Артыкбаеванын жеке архивинен алынды

Андан бери такай Орусия, Казакстан, Германия, Норвегия, Франция жана башка мамлекеттерде фестиваль, сынак жана көргөзмөлөргө катышып жүрөм.

— Тапшырыктар көп түшөбү?

— Кардарларым көп, арасында жергиликтүүлөр бар, бирок басымдуу бөлүгү чет элдиктер. Интернет аркылуу заказ кылышат. Билбейм, балким тигиши жоктугуна кызыгышабы, же кол менен жасалганынабы, же ойлоп тапкан дизайны жагабы, айтоор кардарларым көп. 

Кээде жетишпей, заказдардан баш тартканга да туура келет. Анткени, кийимден башка үй жасалгасын, сувенирлерди да жасайм.

Нүргүл Артыкбаева
Акыркы жылдары көлөмдүү тапшырыктар болуп, коллекция чыгарууга да убактым жетпей калды. Көбүнчө кеңсе, мейманкана кооздоо боюнча коңшу мамлекеттерден буюртмалар келип жатат. Албетте, жаңы кызыктуу кийим коллекцияларды чыгарууга пландарым, жада калса эскиздерим да бар.

— Дизайнерлер арасында атаандаштык күчпү?

— Азыркы учурда бизде көптөгөн жаш, таланттуу дизайнерлер чыгып жатат. Ушундай суктанааарлык, сонун нерселерди ойлоп жасашат. Алардын иштерин ар кандай мода сынактарынан көрүп жүрөм, ошондуктан атаандыштык бара-бара күчөйт го деп ойлойм. Ал эми өзүм биздин брендге айланган Дилбар Ашимбаевага суктанам.

Албетте, бул чөйрөдө дагы терс көрүнүштөр бар. «Баланча түкүнчөнүкүн уурдап алыптыр, сотко берип жатыптыр» деген учурлар да кездешет.

Эгер бирөөнүн идеясын уурдап, окшоштуруп жасасаң ал тез эле билинип калат. Уят болуп, эл катарынан чыгып каласың го.

Нүргүл Артыкбаева
Ошондуктан, жалкоолонбой иштеш керек, ойлонуп издениш керек.

— Сизге үй-бүлөңүз дагы кол кабыш кылышабы?

— Мен студиямды ачканда апам, сиңдилерим менен кеңешип ачканбыз. Идея меники болгондуктан «НурАрт» деп койдук (атымдын жана фамилиямдын кыскартылышы). Апам жана кичүү сиңдим да чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү болгондуктан, бизде идеялар, кеңеш-талкуулар көп болот. Ошолордун натыйжасында коллекциянын бир бүтүн концепциясы жаралат. Кийим жагын мен алып барам, апам менен сиңдим кооздоо, жасалгалоого жакын. 

Ар бир буюмду жасоодо өзгөчөлүктөрү бар, бирине шайы, экинчисине пахта материалдар салынып кооздолушу мүмкүн. Ошондой эле, фасондорунун татаалдыгына жараша убакыт кетет. Жүндү кол менен салуу да оңой иш эмес, абдан көп убакытты жана чыдамкайлыкты талап кылат. Жарым жартылай жүн салганча эле белиң, омурткаң ооруп, араң каласың. Кээде «экинчи жасабайм» деп ичиңден өзүңдү урушасың. Бирок, кийин натыйжасын көргөндө суктанып, дагы жаңы идеялар пайда болуп кийинки буюмга эскизди ойлонуп, пландаштыра баштайсың.

— Кайрымдуулук иштерине катышып турасызбы?

— Кайрымдуулук боюнча жакшы планым бар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сабак берип, өнөр үйрөтсөм деймин. Балким алардын ичинен деле келечекте таланттуу дизайнерлер чыгат. Же чыкпаса, анда мамлекеттин беш тыйынын күтпөй, нанга акча таап ала алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар