20:10
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Гүлзаада Кермакунова: Сапаттуу шырдактар Ат-Башыда жасалат

Нарын облусуна караштуу Ата-Башы районунан чыккан чебер Гүлзаада Кермакунованын жасаган шырдактары Кыргызстанга гана эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө чейин тараган. Ал учурда Кара-Коюн айыл өкмөтүндө иш кагаздарын алып баруучу болуп иштеп, ошол эле маалда кол өнөрчүлүгүн таштабай улантып келет.

Гүлзаада Кермакунова 24.kg агенттигине өнөрү тууралуу айтып берди.

Гүлзаада Кермакунованын жеке архивинен алынды
Фото Гүлзаада Кермакунованын жеке архивинен алынды

Чебер айым жолдошу экөө 2 уулду тарбиялап келишет.

— Мурунку мезгилге салыштырмалуу азыр шырдак жасаган кыз-келиндер жокко эсе, бул өнөрдү аркалоого эмне түрткү болду?

— Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин 2012-жылы аяктагам. Турмуш шартка байланыштуу Нарындын айылында жашап калдык. Өз кесибим менен иштейин десем айылдан табылбады, акыры ойлонуп ушул өнөрдү колго алууну чечтим. Шырдак жасоо өнөрүнө кичинемден эле аралашып көнгөм.

Негизи эле Ат-Башыда шырдак жасабаган же салынбаган бир да үй жок, жергиликтүүнүн баарынын колу чебер.

Бекеринен шырдак жасоону- Ат-Башынын ордосу деп коюшпайт, жакшы, сапаттуу шырдактар Ат-Башыдан чыгат. Ошон үчү акыркы 2 жылдан бери шырдак фестивалы биздин жерде өтүп жүрөт.

Мындан 5 жыл мурун Бириккен Улуттар Уюмунан «ООН Женщины» деген агенттиги келди. Алардын демилгеси менен «Жамаат Азем-Өнөр» деген топ түзүп, ага лидер болуп дайындалдым. 2015-жылдан баштап Адилет министрлигинин каттоосунан өтүп, колго күбөлүк, мөөр алып мыйзамдуу түрдө шырдак менен алектенип келебиз.

Бул ишти аркалап калган себебим, биринчиден өз кесибим менен иштөөгө жумуш табылбагандыгы болсо, экинчиси унутулуп бара жаткан шырдак жасоо ишин жаштар дагы алып кете алат дегенди көрсөткүм келди.

Гүлзада Кермакунова

— Учурда сиз жетектеген топто канча киши эмгектенет?

— Алгач топ уюшулганда болгону 7 киши болчу. Азыр эмгектенген айымдардын саны 52ге жетти. Жаштардын көбү бул ишке кызыга беришпейт, андан көрө аларга жерге килем, палас төшөп койгон жеңил да... Бул ишти алып кеткен себебим да, ушул өнөрдү унутта калтырбай кийинки муунга жеткирүү. Апам, эжелерим, туугандарымдын дээрлик баары шырдак жасаганды билишет. Алгач бул ишти колго алганымда мен «кийиз жасабайм, качан ушул кийизден кутулам» деген күндөрүм болгон. Бирок, ушул жумуштун аркасы менен үй-бүлөнү багып жатабыз. Кээде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам беребиз.

Гүлзаада Кермакунованын жеке архивинен алынды
Фото Гүлзаада Кермакунованын жеке архивинен алынды

— Сиз өзүңүз үйүңүзгө шырдак саласызбы?

— Албетте, үйүмдө шырдак салынып турат. Бул экологиялык жактан таза, пайдалуу. Кышкысын жылуу, жайда салкын, тердейтпейт.

— Көргөзмө, жарманкелерге катышып турасыздарбы? Негизги кардарларыңыз кимдер?

— Ар кандай көргөзмө, фестивалдарга катышып турабыз. Көчмөндөр оюндарына катышып, кызыктыруучу сыйлыктарга, сертификаттарга ээ болдук. Биздин топтун жамааты шырдак, дорожка, боз үйдүн кооздук буюмдарын, ат жабдыктарын жасайбыз. Азыркы тапта онлайн дүкөнчө деп америкалыктар менен тыгыз иштешип атабыз.

Буюмдарыбызды Швейцария, Франция, Америкага сатабыз. Ошондой эле, Кувейт, Бириккен Араб Эмиратынан келгендер алышат.

Биздин айыл тарыхый жай Таш-Рабатка жакын жайгашкандыктан туристтер көп келет, алар бири бирине айтып маалымат берип, улам кийинки келгендери бизге кайрылышат. Биз дагы кардарлардын талабына жараша буюмдарды жасап беребиз.

— Ушул кезге чейин канча шырдак жасап саттыңыз?

— Ушул кезге чейин канча шырдак сатканымды деле эсептебептирмин. Балким 100дөн ашты. Жылына жамаатыбыз менен 10дон ашуун шырдак жасайбыз.

Жүндү өзүбүз баккан, айылдык тургундардын койлорунан алабыз. Боек иштерин да өзүбүз жасайбыз. Учурда биздин колдон чыккан шырдактардын бренди жок, келечекте кандайдыр бир бренд ойлоп таап, ошонун негизинде сатыкка чыгарсакпы деп ойлоп жатабыз.

— Сиздин шырдактарды сатып алгандардан белгилүүлөр барбы?

— Мурунку башкы прокурор Аида Салянова, Дордой Ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбековдун туугандары, «Беш-Сары» соода түйүнүнүн жетекчилиги, мурунку маданият министри Алтынбек Максүтов, акын Жеңишгүл Өзүбекова жана башкалар биздин колдон жасалган шырдактарды сатып алышкан. Бизге эң башкысы -кардарларга буюмубуз жакса болгону.

Гүлзаада Кермакунованын жеке архивинен алынды
Фото Гүлзаада Кермакунованын жеке архивинен алынды

— Чет жактан тапшырык бергендер кандай талаптарды коюшат?

— Чет элдик туристтер алып кеткенге карап жеңил, жукараак болсун дейт. Ал эми жергиликтүү эл сепке деп оор болсун дешет. Кыскасы талапка жараша жасап беребиз. Биздин буюмдарды туристтердин кээ бири дубалга же айнекке тагып коюшат. Айрымдары буттарына массаж болот деп, көп баскан жерлерине коюшат. Дагы бир турист ден соолукка пайдалуу, отурганга жумшак деп унаасына алган.

Эң көп окулган жаңылыктар