23:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Айжигит Саратбек уулу: Сүрөтчүлүк дагы азыр той-топурга байланыштуу болуп калды

«Беткапчан» деген лакап атты алып жүргөн Айжигит Саратбек уулунун кесиби дизайнер-интерьер. Учурда Ош мамлекеттик университетинде аталган кесип боюнча билимин улантууда.

Талант ээси калемдин жардамы менен адамдардын портреттерин тартып, болочокто ири көргөзмө ачууну максат кылат. Сүрөт өнөрүнүн күңгөй-тескейи тууралуу Айжигит Саратбеков 24.kg агенттигине айтып берди. 

Айжигит Саратбек уулунун жеке архивинен алынды
Фото Айжигит Саратбек уулунун жеке архивинен алынды

— Лакап атаңыз эмне маанини билдирет?

Беткапчан -бул такма атым, элге көрүнбөйт, таанылбайт, бет кабын чечпей бир образда жүрөт, өзгөрбөйт деген маанини билдирет. Башка сүрөтчүлөрдөн калемдин жардамы менен гана портрет тартканым менен айырмаланам. Ар бир сүрөтчүнүн өзүнүн жанры болот, мен портретке көп басым жасайм.

— Атактуулардан кимдердин портреттерин тарттыңыз?

— Атактуу инсандардан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун портретин көп тарттым. Андан тышкары сүрөтчү жана актёр Сүймөнкул Чокморов, сүрөтчү Гапар Айтиевдин портреттерин тарттым. Кээде таанымал инсандар дагы тапшырык берип калышат, айрым эстрада ырчыларын дагы кагаз бетине көп эле түшүрдүм. 

— Бир портретти канча убакта тартып бүтөсүз?

— Бир сүрөттү, бир портретти 8-10 саатта тартам. Портреттердин баалары 1 миң сомдон 4 миң сомго чейин. Башка сүрөттөр андан кымбат болуп калат.

— Сүрөттөрүңүздү кимдер сатып алат?

Менин талантыма суктангандардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар. Мисалы, Германиядан келген туристтер атайын тапшырык менен Сулайман-Тоонун сүрөтүн тарттырып алып кетишкен.

Алдыда өз мекенимде көргөзмө уюштуруу тууралуу пландар бар, учурда сүрөттөрдү топтоп жатам. Өзүбүздүн улуу акындарды, залкар жазуучуларды, актёрлорду, кыргыздын баатырларын чоң форматта тартып, аны видеого түшүрүп шоу уюштурууну көздөп жатам. Долбоор жакынкы аралыкта ишке ашып калат.

— Алгачкы жолу качан жана эмненин сүрөтүн тартканыңыз эсиңиздеби?

— Алгачкы жолу мектепте башталгыч класста окуп жүргөндө сүрөт тартууга кызыгуум арта баштаган. Ал кезде дептер, альбом тартыш болгондуктан, китептердин актай жерлерине унаа жана роботторду тартчумун. Башында бул жөн гана хобби болсо, учурда бул менин сүйгөн кесибим, ушул жумушум менен киреше табам.

Мен портреттерди калемдин жардамы менен тартам. Негизи акварель, акриль жана башка боёктордун баардык түрү менен иштей берем. Мындан тышкары бала бакча, кафе, кофейнялардын дубалдарына тапшырык болуп калса сүрөт тартам. 

Айжигит Саратбек уулунун жеке архивинен алынды
Фото Айжигит Саратбек уулунун жеке архивинен алынды

— Кардарларыңыздын арасында эч нерсе жактырбаган кежирлери да болуп калабы?

— Ооба кезигип калат, мен фотосүрөттө кандай болсо ошондой кылып кагазга түшүрүп берем.

Кээси компьютерден эле чыгаргансыңбы, колго тартылганга окшобой ксерокөчүрмөдөн чыгаргандай болуп калыптыр деп кежирленет.

Айрым убакта тапшырык алып убагында аткара албай калган учурлар да болот. 2-3 күндө бүтө турган иштер бир аптага созулуп, кээде бир күндө эле бүтүп калган учурлар бар. Сүрөттү кагазга толугу менен түшүргөн соң кардарлар телефонго тартып жөнөтүп коюмду суранышат, аны көрүп алып кайра айныган, албай койгондор болот.

— Кайсы эмгегиңизди өзгөчө баалайсыз?

— Баардык сүрөттүн өзүнүн мааниси, орду, темасы бар. «Алар өсөт, бирок бир күнү соолуйт» деген темада гүлдү тарткам, мага ошол жагат. 

Айжигит Саратбек уулунун жеке архивинен алынды
Фото Айжигит Саратбек уулунун жеке архивинен алынды

— Сизге кайсыл учурларда тапшырык көп түшөт?

— Биздин жумуш дагы ырчылар менен тамадалардыкына окшош.

Той-топур, майрамдарда көп заказ болот. Белек тартуулоо, чет өлкөгө алып кетүү максатында кайрылышат.

Ошондой эле, туулган күнгө карата жигиттер сүйгөн кыздарынын сүрөттөрүн тарттырып алышат. Мен тапшырыкты телефон аркылуу алып, мага жөнөткөн сүрөттөрдү кагаз бетине түшүрөм. Эгерде бетме-бет келип, маңдайда отурса деле тарта берем, айырмасы жок. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума