15:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Нурзат Жээнбек кызы: Кийизден тигилген кийимдердин негизги кардары — жапондор

Маданияттын мыкты кызматкери Нурзат Жээнбек кызы зер буюмдарды, керамикадан, темирден кооздук буюмдарын жасап, кийизден кийимдерди тигип келет. Кесиби боюнча архитектор — дизайнер.

Учурда өлкөдө старт алган «Оймо» фестивалына «Баарыбыз бирге өлкөнү тазалайбыз» урааны менен экологиялык маселелерге көңүл буруу чакырыгы менен катышууда.

Белгилей кетсек, Нурзат Жээнбек кызы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун дизайнерлеринин катарын толуктаган. Ал 24.kg агенттигине жаңы коллекциясы жана этномоданын абалы боюнча ой бөлүштү. 

Нурзат Жээнбек кызынын жеке архивинен алынды
Фото Нурзат Жээнбек кызынын жеке архивинен алынды

Жаңы коллекцияңыз ачык түстөр менен коштолуптур. Маңызына токтолсоңуз...

— «Анар багы» деген коллекциямды сунуштайм. Жараталышта анар багы баардык түстөрдү камтыйт десек болот, мисалы жаз айынан баштап анар бүчүр байлап, жалбырагы чыгып, бүчүрү чоңоюп, мөмөсү бышкычакты көп процесстер өтөт. Бекеринен өсүмдүктөрдүн ханышасы деп коюшпаса керек. Бул коллекция аркылуу кыздын образын бергим келди.

Негизи эле мен эмгектеримди ала кийиз техникасы менен жасайм. Нукура жибек, жүн жана пахтаны колдоном. Ошентип тигиши жок кийимдерди жаратам. Дагы бир өзгөчөлүк -табияттан алынган боектор менен боелот.

Учурда шакирттерди дайындап чыгарып атам. Башка жаңы формаларды киргизип иштегенге аракеттенем. Кийизден кийим тигүү -бул менин хоббим. Башка убакта жаңы технологиялар менен иштейм. Станоктор менен жаңы программаларды түзүп эмгектенем. 

— Коллекцияңызда мырзалар үчүн да кийимдер барбы?

— Айымдардан башка мырзаларга да арналган кийимдерим бар. Бирок, мырзалар эмнегедир көп учурда сыртка кийип чыккандан уялышат. Менин коллекциямда жаш балдардан тарта улгайган кары-картаңдарга чейин кие турган кийимдер бар.

— Биздин этнодизайнерлердин негизги кардарлары — чет элдик жарандар. Айрыкча кайсы өлкө өкүлдөрү кийизге кызыгат?

— Европа өлкөлөрүнө барганда буюмдарды сатып алгандар көп эле болду. Айрыкча Жапон эли кызыгуу менен сатып алышат. Алардын табити биздикине окшошпу, айтоор нукуралуулукту жактырышат окшойт. Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө чыгып жүрөбүз, ал жакта дагы суроо-талаптар күчтүү. Биз кийим-кечек менен гана чектелбей жыгач, керамика, темир устачылык, көркөм өнөрдүн баардык тараптарын камтыганга аракет кылабыз.

Бирок, өзүбүздүн деле атактуулар кийинишет. Мисалы, Роза Отунбаевага этномоданы жактыргандыктан ага атайын белек кылганмын. Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосуновага да тартуу бергем.

Алтайлык Ирина Кензина деген ырчы айым менин такай кардарым. Ошондой эле, Тажикстандан, Казакстандан атайын буйрутма менен алып кетишет. 

— Бир коллекцияны иштеп чыгууга канча убакыт талап кылынат?

— 2 айдай убакыт кетет. Буга чейин «Анар багынан» башка «Белес», «Ойгонорго калган бир убакыт» деген философиялык аталыштагы коллекцияларым элдин сынына коюлган. Негизи 20 күндө дагы бир коллекция жаратса болот, ал үчүн маанай 100 пайыз жакшы болуш керек.

Коллекцияны жаратып жатканда кээде кыздар келип жардам берип калышат. Негизи өз колумдан жасалат, баш-отум менен киришем.

Бир сезонго бир коллекция алып чыгам. Кардарларга сатам, колго көп кармбабай таратып салам. «Анар багы» бир жылда жасалган коллекция, кийинки күзгө башка коллекция даярдайм. Мен акча же сыйлык үчүн иштебейм, эң башкы максатым- Кыргызстандын маданиятына салым кошуу.

— Көчмөндөр оюндарында эстафеталык кубок —көөкөрдү сиздин колдон жасалган эмгек дешет?

— Ооба, Көчмөндөр оюндарында атайын команда менен иштештик. Анда сахна жасалгасына көп кол кабыш кылдык. Улан Жанузаков деген кесиптешим менен көөкөрдү жасаганыбыз чын.

Өзүм архитектура чөйрөсүндө билим алгандыктан, ресторан, ателье, театрлардын декорациясын жасап жүрөм. Учурда кыргыздын баардык оймо-чиймелерин камтыган электрондук вариантта китеп жасап атабыз.

Эң көп окулган жаңылыктар