00:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Нукура кыргыз жыттанат. Жергиликтүү ууз балдарга кийизден китеп чыгарууда

Социалдык тармактардын колдонуучулары Айзада Тыныбекованы кол өнөрчү катары таанышат. Анын колунан жаралган айымдардын тагынчактары Кыргызстанга гана эмес, Лондон, Түркия, Орусияга чейин тараган.

Учурда Айзаданын кийизден жасаган китеби кызыгууну жаратып, кардарлардын санын көбөйтүүдө. Ал өнөрү тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. 

— Кийизден китеп жасоо идеясы кайдан келип чыкты? Эмне себептен кийизди тандап алдыңыз?

— Мен колумдан чыккан буюмдарга кыргыздын таза кийизин эмес, жасалма кийиз -фетрди колдоном. Таза кийизди боеп, ага сүрөттөрдү бастырыш мүмкүн эмес. Анткени, анын бети тегиз жана жылмакай болбойт. Дүйнө жүзүндө фетрден китептерди көп эле жасашат, ал эми биздин өлкөдө аз санда. Болсо да баасы кымбат, себеби көп эмгекти талап кылат.

Мындай китептерди жасап калууга балдарым себеп болду. Анткени, балдарымдын майда моторикасын өнүктүрүү үчүн ар кандай оюнчуктар, буюм-тайымдарды сатып алайын десем сапаттуусу кымбат. Арзан кытайдын оюнчуктарына кандай беогуч, жыт бергичтер кошулганын билбейбиз. Мындан улам, жасалма фетр алып үстүнө сүрөттөрдү бастырып, тигип чыгууну чечтим. Кээде жасалма буюмдар, мисалы фетрге караганда нукура, таза кийиз көбүрөөк аллергия жаратышы мүмкүн. Андыктан мен фетрдин сапаттуусун алдым.  

Мунун артыкчылыгы кирдеп калса, кир жуугучка салып жууса болот, колго кармаганда жумшак, балдар кагаздан жасалган китепке окшотуп тытып, айрып салбайт.

Ар бир бетинде баланын кызыгуусун жараткан оюнчуктар орун алган жана тапшырмалар камтылган.

Мисалы, буюмдарды керектүү жерге жабыштырат, чаптайт, илмекти илет, кнопканы бекитет.

Китептер аркылуу ата-энелер балдарды улуттук боз үй, баш кийим, шырдак, буюм-тайымдар, боз үйдүн ички түзүлүшү менен тааныштыра алат. Анда атайын тапшырмалар болот. Мисалы, боз үйдүн ичине буюмдарды өз орду менен коюш керек. 

Кыргыздын туш кийизин билбегендерди көрүп, китепке ата-энелер үчүн жобо да кошум койдум.

Жылдын аягына чейин атайын чакан цех ачып китептерди чыгарууга катуу кирешсем деп турам.  

— Куурчак жасайм деп калдыңыз, анын материалы дагы кийизденби?

— Учурда эко куурчактарды чыгарып атам, таза пахта кездемелеринен тигилет. Өзгөчөлүгү -жуулат, кийимдери чечилет, кийилет, колго жумшак. Эң башкы артыкчылыгы -улуттук кеп такыя кийип турат.

Базарда кытайдын куурчактары кымбат. Барби куурчак сатып алсаң эртеси буту сынып калат. Сапатына ыраазы болбойсуң. Мен жасаган куурчактарды китепке бонус катары берейин дегенмин. 

— Сизге тапшырык бергендердин саны көппү?

— Тапшырык берип, куурчактарымды алып атышат. Ал эми китеп болсо расмий түрдө чыга элек, бирок сурагандар, кызыккандар, колдогондор көп.

Куурчактар 2 күндө даяр болот, баалары дагы элге жеткиликтүү 500-600 сомдон. Китептин баасы ар кандай, көлөмүнө жана барактарына жараша болот. А4 форматта бүт тематиканы камтыган китеп 3 жарым миң сом. Калганы андан арзан. Бир бетин 250 сомдон сатып алып, китепти жыйнак кылып чогултуп алса да болот.

— Дагы кандай өнөрүңүз бар?

— Бул ишке жаңы аралашканда хобби катары баштагам, эми муну кесип катары улантайын деп чечтим. Мындан тышкары, бисерден ар кандай бюумдарды жасайм. Ага 2 кыз жардам берет. Өзгөчө шуруларыбыз жакшы сатылып, Лондон, Түркия, Орусияга чейин тараган.  

Өз кесибим түрколог, тилчи. Бирок, кол өнөрчүлүк, чыгармачылыкты жактырып, ушуга ооп кеттим. Турмушка чыгып, балалуу болгондон тарта иштеген жокмун. Өнөрдү фантазияма жараша жаратам, ошондой эле интернеттен үйрөнөм.

Эң көп окулган жаңылыктар